Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:27

Финпол: Автомектептин мүлкүн сатып жиберген жетекчинин иши тергелүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Нарында автомектептин мурдагы жетекчиси мекемеге тийиштүү мүлктү сатып жиберген деп шек саналууда. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, Финполго арыз менен автомектептин жетекчилиги кайрылып, машыктыруучу үч автоунаа мыйзамсыз жол менен сатылып кеткенин билдирген.

Финансы полициясынын басма сөз катчысы Анастасия Пискур «Азаттыкка» билдиргендей, арыз Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин «Коммерциялык же башка уюмда ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу» беренесинин негизинде катталды.

- Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иштеринин натыйжасында бул автоунааларды мектептин мурдагы жетекчиси тиешелүү тараптар менен макулдашпай сатып жибергени аныкталды, - деди ал.

Үч машине тең кийин кайра мектептин карамагына өткөрүлүп берилди. Териштирүү иштери уланууда. (RK)

XS
SM
MD
LG