Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков Кыргызстандагы жалпы билим берүүчү мекемелердин жетекчилерине, администрациясына окуучулар менен ата-энелерден акча каражаттарын талап кылганга тыюу салды. Тиешелүү буйрукка министр бүгүн, 2-октябрда кол койду. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
Буйрукта агартуучулар маданий-массалык жана башка иш-чараларга да мыйзамсыз акча каражаттарын талап кылбашы керек экендиги так жазылган. Мындан сырткары камкорчулар кеңеши менен ата-энелер комитеттеринин каржы маселелерине педагогикалык жамааттын жана административдик кызматкерлердин катышуусуна тыюу салынды.
Бул багытта «ыкчам байланыш» телефон линияларын жана «ишеним үкөктөрүн» уюштуруу тапшырылды.
Эгерде мыйзамсыз каражат топтоо же окуучуларга, алардын ата-энелерине моралдык-психологиялык басым көрсөтүлгөн факт аныкталса, мугалимдер тартиптик жазага тартылып, кызмат ордунан бошотулат.
Мектептеги акча чогултуу боюнча бир топ убактан бери нааразы болгон пикирлер басылбай, тынбай айтылып келет. 2-октябрда мектепте акча чогултууга каршы ата-энелер нааразылыгын айтып Жогорку Кеңештин жанына чыгышты. Акцияга чыккан 20 чакты адам министрликтин акча чогултууга тыюу салган жаңы буйругуна карабастан мындай көрүнүш дагы эле уланып жатканын билдирди.
Алар менен Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Сауле Мээрманова жолугуп, акчаны мугалимдер эмес, ата-энелер түзгөн фонд чогултарын, андай фонддордун ишмердүүлүгүнө мыйзам уруксат берерин, акча чогултууну токтотуш үчүн мыйзамдарды өзгөртүү керек экенин айткан. (КЕ)