Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:34

Кыргызстан «Дубай ЭКСПО-2020» көргөзмөсүндө дараметин көргөзөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан бүткүл дүйнөлүк «Дубай ЭКСПО-2020» көргөзмөсүндө болгон дараметин жана мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүшү керек. Бул тууралуу вице-премьер-министр Замирбек Аскаров көргөзмөгө даярдык көрүү жана катышуу боюнча уюштуруу комитетинин кезектеги жыйынында билдирди. Анын айтымында, «Дубай ЭКСПО-2020» көргөзмөсүндө Кыргызстандын павильону улуттук колоритте жасалгаланышы зарыл.

- Биз бул көргөзмөдө өлкөбүздүн мыкты жактарын көрсөтүшүбүз керек. Кыргызстан жаңы өзгөрүүлөргө ачык өлкө экенин айтып тургандай кылышыбыз керек. Биздин маданий мурастарыбыз, салтыбыз тууралуу гана эмес, экономикабыз, инвестициялык климат, туристтик дарамет, IT-чөйрөсү, илим жана билим берүү тууралуу да толук маалыматтар болушу керек, – деди вице-премьер-министр.

Жыйынга чогулгандар Кыргызстандын көргөзмөгө катышуусунун эреже-шарттары менен мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Бул – аянты 500 чарчы метр келген павильондун дизайны, тексттер, графикалар, бет ачарлар, сүрөт жана видеоматериалдар, буклеттер, брошюраларды кошкондо өлкө тууралуу жалпы маалыматтар камтылышы керек.

Соода-өнөр жай палатасынын маалыматына караганда, «Дубай ЭКСПО-2020» «Акылды бириктирип, келечекти курабыз» аталышындагы тема менен өтөт. Кыргызстан өз экспозицияларын «Мүмкүнчүлүк» деген ураан менен алып чыгат.

«Дубай ЭКСПО-2020» бүткүл дүйнөлүк көргөзмөсү Дубай шаарында 2020-жылдын 20-октябрынан 2021-жылдын 21-апрелине чейин өтөт. Көргөзмөнүн аймагы 25 миллион киши келип көргөнгө ылайыкталган. Алардын 70% чет элдиктер болот. Иш-чарага 180 өлкөнүн катышары күтүлүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG