Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:17

ИИМ: «Азаттыкка» байланыштуу иш калыс жана кылдат иликтенет


“Азаттык” радиосунун кызматкерлерине байланыштуу катталган иш толугу менен Ички иштер министрлигинин жетекчилигинин көзөмөлүндө турат. Бул тууралуу мекеме бүгүн, 2-октябрда билдирүү таратты.

Министрликтин басма сөз кызматынын өкүлү Назира Султанкулованын айтымында, тергөөгө байланыштуу жагдайлар убагы келгенде ачыкка чыгат.

- Учурда тергөө, ыкчам иликтөө иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу тергөөнүн купуялыгын эске алуу менен тергөөгө тиешелүү жагдайларды убагы келгенде ачыкка чыгарабыз. ИИМ “Азаттык” мекемесинин кызматкерлерине байланыштуу жагдай Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганын, окуя толугу менен кылдат жана акыйкат иликтене тургандагын белгилейт.

28-сентябрда Ош шаарында «Азаттыктын» оператору Айбек Кулчуманов телеберүү тартып жүргөн учурунда олбурлуу жигиттер анын артынан келип уруп, колундагы техникасын, документтерин жана түшүп жүргөн автоунаасынын ачкычын тартып алышкан.

Кулчумановдун арызынын негизинде Ош шаардык ички иштер башкармалыгы Жазык кодексинин 201-беренесинин 4-пунктунун («Топ адам тарабынан уюшкан каракчылык») негизинде кылмыш ишин козгоду.

Кол салгандар Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун атын аташкан.

Алар да «жеке менчигибизди тасмага тартып, коопсуздугубузга коркунуч жаратты» деген негизде милицияга арызданган. (RK)

XS
SM
MD
LG