Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:48

Ооганстандык талибдер Пакистанга жол тартты


«Талибандын» өкүлдөрү, Москва. 30-май, 2019-жыл.
«Талибандын» өкүлдөрү, Москва. 30-май, 2019-жыл.

Ооганстандык талибдердин делегациясы коңшу Пакистанга сапар алууда. Алар пакистандык расмий өкүлдөр менен Исламабадда «маанилүү маселелерди» талкуулай турганын «Талибан» кыймылынын негиздөөчүлөрүнүн бири Абдул Гани Барадар молдо билдирди.

Талибдер АКШнын Ооганстан боюнча атайын чабарманы Залмай Халилзад Исламабадда жүргөн учурда Пакистанга бара жатышат. Бирок алар америкалык өкүлдөр менен кездешер-кездешпеси так айтылган жок.

Пакистан 1990-жылдардын башында Ооганстандагы жарандык согушта «Талибан» кыймылын колдоп турганы белгилүү. Талибдердин өкүлдөрү Исламабаддагы жолугушууларда АКШ менен тынчтык сүйлөшүүлөрүнө себеп болгон факторлор тууралуу Пакистандын бийлигине маалымат берери да кабарланды.

Өткөн айда жай тургундар арасында чектен чыккан жардырууларды уюштурган акцияларынан кийин «Талибан» кыймылы менен сүйлөшүүлөргө АКШнын президенти Дональд Трамп чекит коюп, токтотуп койгон болчу.

XS
SM
MD
LG