Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:56

Аба ырайы: ​3-октябрга карата маалымат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

3-октябрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр жаап, тоолуу райондорунда кар түшүшү мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде 0…-2°, Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында -1…-3°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында -2…-4° суук болуп, үшүк жүрөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 2...7, күндүз 15...20,

Талас жергесинде түнкүсүн 1...6, күндүз 14...19,

Баткен облусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 18...23,

Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 7...12, күндүз 18...23,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 1...6, күндүз 13...18,

Нарын облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 11...16,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -5...-10 суук, күндүз 2...7 градус жылуу болот.

3-октябрда Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 4…6°, күндүз 17…19° болот.

XS
SM
MD
LG