Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:35

Экс-депутат Мискенбаев ИИМдин Тергөө кызматына сурак берүүдө


Мээрбек Мискенбаев.
Мээрбек Мискенбаев.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Мээрбек Мискенбаев 7-8-августта Кой-Таштагы окуяларга байланыштуу ИИМдин Тергөө кызматында сурак берүүдө. Ал күндүзгү саат 11:00дө кирип кеткен боюнча чыга элек. Бул тууралуу «Азаттыкка» мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогон Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди. ИИМ азырынча жооп бере элек.

7-8-августта Кой-Таш айылындагы үйүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы жүргөн. Анда мурдагы президенттин тарапташтары каршылык көрсөтүп, эл менен кагылышуунун натыйжасында УКМКнын «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкери полковник Үсөнбек Ниязбеков курман болгон. Ал күндөрү «Альфанын» алты жоокери барымтага алынып, жалпысынан 136 адам жаракат алган. Жаракат алгандардын катарында Мискенбаев да бар экени айтылган.

Мискенбаев Кой-Ташта Атамбаевди колдоп жүргөндөрдүн катарында болчу. (КЕ)

XS
SM
MD
LG