Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:06

«Журналисттер»: Иликтөөчү кайсы жерди тартарын алдын ала айтууга милдеттүү эмес (видео)


Марс Тулегенов.
Марс Тулегенов.

Иликтөөчү журналист кайсы жерди тартарын алдын ала барып айтууга милдеттүү эмес. Бул тууралуу «Азаттыктын» эфиринде сүйлөп жатып «Журналисттер» коомдук бирикмесинин төрагасы Марс Тулегенов билдирди:

- Журналист «биз ушундай иликтөө жүргүзүп жаттык эле, ушул жерден барып тартканы жатабыз» деп алдын ала барып айтпайт. Өткөндө бир журналист «геолокация болушу керек» дейт, ал да туура эмес маалымат берип жатат. Журналисттик иликтөө жанры өзү ушундай – «кандайдыр бир мыйзам бузуу болуп жатат» десе ошону коомчулукка жеткириш үчүн журналист же иликтөө жүргүзүп жаткан топ алдын-ала кабарлабай туруп барып ошол жерден маалымат топтоп алып келиши керек.

«Азаттыктын» кезектеги «Эксперттер талдайт» программасы «Журналисттердин коопсуздугу жана сөз эркиндиги» деген темага арналды.

28-сентябрда Ош шаарында «Азаттыктын» оператору Айбек Кулчуманов телеберүү тартып жүргөн учурунда олбурлуу жигиттер анын артынан келип уруп, колундагы техникасын, документтерин жана түшүп жүргөн автоунаасынын ачкычын тартып алышкан.

Кулчумановдун арызынын негизинде кылмыш иши козголду.

Кол салгандар Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун атын аташкан. Алар да «жеке менчигибизди тасмага тартып, коопсуздугубузга коркунуч жаратты» деген негизде милицияга арызданган.

Ушул эле программага катышкан депутат Искендер Матраимов «жеке менчикти тартыш үчүн үйдүн ээсинен уруксат сураш керек» деген пикирин айткан жана ишти териштирип жаткан милицияга кысым жасабаганын билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG