Линктер

дүйшөмбү, 14-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 09:07

КСДП «Азаттыкка» байланыштуу жагдайга тынчсыздануу билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) «Азаттыктын» операторунун сабалып, аппаратурасынын тартылып алынышына тынчсыздануусун билдирип, муну сөз эркиндигине каршы сокку катары баалады. Мындай билдирүүнү партиянын басма сөз кызматы 2-октябрда таратты.

«Биз жабыркаган оператор Айбек Кулчумановго жана журналист Ыдырыс Исаковго каршы каралоону токтотууну бийликтен талап кылабыз», - деп жазылат билдирүүдө.

Партия Жогорку Кеңештин комитеттери, саясий партиялар бул жаатта сөз айтпаганын сындап, «Азаттыкты» гана эмес, «Апрель» телеканалын да коргоо зарыл экенин белгиледи.

«Азаттыктын» оператору Айбек Кулчуманов 28-сентябрда Ош шаарында телеберүү тартып жүргөн учурда бейтааныш адамдар уруп, техникасын, документтерин тартып алган. Алар Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орунбасары Райымбек Матраимовдун туугандары экени аныкталганын Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирген.

Кулчумановдун арызынын негизинде милиция териштирүү баштаган.

«Азаттыктын» буга чейин коррупцияга байланыштуу жүргүзгөн иликтөөлөрүндө Райымбек Матраимовдун аты аталган.

Операторго кол салгандар да «жеке менчигибизди тасмага тартып, коопсуздугубузга коркунуч жаратты» деген негизде милицияга арызданышкан.

Тартып алынган жабдуулар соттун чечими чыкканга чейин милицияда болот.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы 2-октябрда «Азаттык» радиосунун кабарчысы Ыдырыс Исаковго карата мурда токтотулган иш кайра тергеле турганын кабарлады.

Мекеме маалымдагандай, 30-сентябрда Ош шаарынын тургуну милицияга арыз менен кайрылып, «Исаков ири суммада акча талап кылганы боюнча мыйзам чегинде чара көрүүнү» өтүнүп, күбө катары эки адамды ээрчитип келген.

«Азаттык» радиосунун кызматкерлери кабылган соңку кырдаалды бир катар эл аралык жана коомдук уюмдар, медиа өкүлдөр сынга алып, сөз эркиндигине чабуул катары баалап жатышат.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев ээлик кылган «Апрель» телеканалы оор кылмышка шектүү адамдын мүлкү катары августта камакка коюлган. Сентябрдан тартып интернет-канал катары иштей баштаган. Медиа-эксперттер муну да сөз эркиндигине чабуул деп баалашкан.

Эске сала кетсек, 2017-жылы мартта «Азаттык» радиосу оппозициядагы «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жана анын юристтеринин билдирүүлөрүнө байланыштуу «кыргыз президентинин ар-намысына шек келтирди» деп башкы прокурор Индира Жолдубаева сотко кайрылган. Ушундай эле негиз менен «Заноза» интернет басылмасын да сотко берген.

«Азаттыкка» 20 миллион сомдук доо коюлуп, банк эсептерине чектөө киргизилген.

Кийин Алмазбек Атамбаев 12-майда өлкөнүн Башкы прокуратурасына «Азаттык Медиа» мекемесине карата доо талаптарынан баш тарткан. (SE)

Пикирлерди көрүңүз (17)

XS
SM
MD
LG