Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:37

Эмил Үмөталиев министр кезиндеги иштер үчүн суракка чакырылды


Эмил Үмөталиев.
Эмил Үмөталиев.

Ишкер Эмил Үмөталиев 2010-жылы экономика министри болуп турган кездеги айрым фактыларга байланыштуу Аскер прокуратурасына 2-октябрда суракка чакырылды.

Бул тууралуу өзү «Азаттык» радиосуна билдирип, сурактын чоо-жайын ачыкка чыгарбоо тууралуу тилкатка кол койгондуктан, толук маалымат бере албай турганын айтты.

- Сурак тез эле бүттү. Жаңы көйгөйлөр жаралбайт деп ишенип туралы. Суракка чакырган органдын кызматкерлери өз милдеттерин аткарышты. Негизинен орундуу эле болду деп эсептейм, - деди Үмөталиев.

Эмил Үмөталиев - «Kyrgyz Concept» компаниясынын негиздөөчүсү. 2010-2011-жылдары Экономикалык жөнгө салуу министрлигин жетектеген.

Ага чакыруу Аскер прокуратурасынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчүсүнүн атынан келген. Башкы прокуратура буга байланыштуу азырынча маалымат бере элек. (SE)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG