Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:03

Евробиримдик Хашогжинин өлүмүн ачык иликтөөгө чакырды


Стамбулдагы журналист Хашогжини эскерген иш-чара. 2-октябрь, 2019-жыл.
Стамбулдагы журналист Хашогжини эскерген иш-чара. 2-октябрь, 2019-жыл.

Европа Биримдиги саудиялык журналист Жамал Хашогжинин өлүмү боюнча ачык иликтөө жүргүзүүгө жана бул окуяга тиешеси бар адамдарды жоопко тартууга чакырды. Мындай билдирүүнү уюмдун тышкы иштер боюнча мекемесинин басма сөз кызматы таратты.

2-октябрда журналист Сауд Арабиясынын Стамбулдагы башкы консулдугуна кирип, андан ары дайынсыз жоголгонуна туура бир жыл болду.

Расмий Эр-Рияд Хашогжи консулдукта өлтүрүлгөнүн окуядан бир нече жума өткөндөн кийин гана мойнуна алган. Бирок журналисттин сөөгү алигиче табыла элек.

Шаршемби күнү Стамбул шаарында Хашогжини эскерүү иш-чарасы өттү. Ага журналисттин достору, укук коргоочулар, журналист иштеген «The Washington Post» басылмасынын кожоюндары жана «Amazon» корпорациясынын негиздөөчүсү Жефф Безос да катышты.

Түркиянын атайын кызматы Хашогжинин өлтүрүлүшүнө Сауд Арабиясынын жогорку бийлик өкүлдөрүнүн тиешеси болушу мүмкүн экенин билдирген. Саудиянын мураскер ханзаадасы Мохаммед бин Салман бул окуяга катышы жок экенин, бирок журналисттин Стамбулдагы консулдукта киши колдуу болгону үчүн жоопкерчиликти мойнуна аларын белгилеп жатат.

XS
SM
MD
LG