Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:01

Иракта өкмөткө нааразылык күчөдү


Ирактагы нааразылык акциясы.
Ирактагы нааразылык акциясы.

Иракта өкмөткө каршы чыккандарга коопсуздук кызматы ок атып, бир канча адам каза болгонун, жүздөгөн жарандары жаракат алганын түрдүү маалымат булактары жазып чыгышты.

Нааразылыктын фонунда көпчүлүк аймактарда Интернетке бөгөт коюлду. Бийлик «Фейсбук», «Твиттер», «Инстаграм», «Whatsapp» жана башка социалдык тармактарга, мессенжерлерге чектөө киргизгенин «NetBlocks» өкмөттүк эмес уюму жазды. Бул уюм Интернеттеги тосмолорго байкоо жүргүзөт.

Баш калаа Багдадда жапырт нааразылык акциялары 1-октябрда башталып, 2-октябрда да уланды. Демонстранттар коррупцияга, жумушсуздукка, электр энергиясынын жана суунун улам өчүрүлүп жатышына каршы чыгышты.

Багдадда «Жашыл аймакка» кирүүгө умтулган демонстранттарды полиция таратууга аракет кылды, жарандар аларга таш ыргытышты. «Жашыл аймакта» өкмөттүк мекемелер жана элчиликтер жайгашкан.

XS
SM
MD
LG