Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:54

Президенттик шайлоого бараткан Берни Сандерс ооруканага түштү


Берни Сандерс.
Берни Сандерс.

АКШда Демократиялык партиянын атынан 2020-жылдагы президенттик шайлоого бараткан сенатор Берни Сандерс ооруканага түштү. Ал 2-октябрда көкүрөк тушундагы оорудан улам бейтапканага жатканын «Америка добушу» радиосу кабарлады. 78 жаштагы саясатчынын артериясы буулуп калганы айтылууда.

2016-жылы ал Демократиялык партиянын атынан президенттик шайлоого катышып, партия ичиндеги талапкерлер жарышында аз жерден Хиллари Клинтонду утуп ала жаздаган. Партия жетекчилиги ошондо Хиллари Клинтонго тартып койгону кийинчерээк ачыкка чыкса да, Берни чуу салган эмес. Эми ал 2020-жылы өтчү кезектеги президенттик шайлоого баратат. Сурамжылоо жыйынтыктары боюнча 20дан ашык демократ талапкерлердин ичинен Берни Сандерс алдыңкы орунда.

АКШда президенттик шайлоо 2020-жылы ноябрда өтөт.

XS
SM
MD
LG