Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:55

Калмак-Ашууда кар күрткүсүндө калган чет элдик турист куткарылды

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Калмак-Ашууда кар күрткүсүнө калып калган 20 жаштагы чет элдик турист Марош Секелский куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Словакиянын жараны Соң-Көлгө мотоцикл менен бара жатып Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Төлөк айылына жакын ашуудан өтө албай калган.

Куткаруучулар жерине барып туристти аман-эсен Кочкор айылына алып келишкен. (КЕ)

XS
SM
MD
LG