Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:44

Ош мэриясы Матраимовдун Оштогу үйү салынган жерди иликтейт


Азамат Абсаттаров.
Азамат Абсаттаров.

Ош шаарынын мэриясы Руслан Матраимовдун Оштогу үйү салынган жер качан жана кандай шартта берилгенин териштирет. Бул тууралуу «Азаттыкка» мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсатаров кабарлады. Анын маалыматына караганда, буга чейин азыркы мэрдин атына Матраимовдун үйү жолдун үстүнө салынганын айтып бир да тарап арызданган эмес.

- Жер кайсы мэрдин тушунда берилгени тууралуу так маалымат жок. Коомчулукта «жолду тосуп алды. «Келечектин» айланасын тосуп алды» деген сын-пикирлерден кийин мэрия тиешелүү мамлекеттик органдар менен текшерүү иштерин баштайбыз, - деди Абсатаров.

Буга чейин Келечек балдар борборунун башчысы «Азаттыкка» Руслан Матраимовго караштуу турак үй «Келечек» балдар борборунун эксперименттерди өткөрүү аянтчасына курулганын айткан. Андан сырткары Балдар борбору менен эксперименталдык аянтча, борбордун ортосунан Ош шаардык билим берүү башкармалыгына өткөн жол да тосулган.

Матраимов ошондой эле Келечек балдар борборунун П формасында курулган имаратынын ортосундагы бош аянтты да тосуп алган. Сөз болуп аткан жер Ош шаарынын Ленин көчөсү менен Токтогул эс алуу багынын ортосунда жайгашкан.

Руслан Матраимовдун агасы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов 2-октябрда «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» берүүсүндө иниси үй салган үч жер участогун 1999-2000-жылдары 119 миң сомго сатып алганын айткан.

28-сентябрда Ош шаарында «Азаттыктын» оператору Айбек Кулчуманов телеберүү тартып жүргөн учурунда олбурлуу жигиттер анын артынан келип уруп, колундагы техникасын, документтерин жана түшүп жүргөн автоунаасынын ачкычын тартып алышкан.

Кулчумановдун арызынын негизинде Ош шаардык ички иштер башкармалыгы Жазык кодексинин 201-беренесинин 4-пунктунун («Топ адам тарабынан уюшкан каракчылык») негизинде кылмыш ишин козгоду.

Кол салгандар Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун атын аташкан. Алар да «жеке менчигибизди тасмага тартып, коопсуздугубузга коркунуч жаратты» деген негизде милицияга арызданган. (BTo/YI)

XS
SM
MD
LG