Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:11

Матраимов Журналисттик этика комиссиясына кайрылды


Искендер Матраимов, Жогорку Кеңештин депутаты.
Искендер Матраимов, Жогорку Кеңештин депутаты.

Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов «Азаттык» радиосуна байланыштуу Жалпыга маалымдоо каражаттарына каршы арыздарды териштирген комиссияга кайрылды. Саясатчы Ошто кезектеги телеберүү тартып жүргөн журналисттин каракталышы боюнча жазылган макалаларга байланыштуу даттанган. Бул тууралуу маалымат аталган комиссиянын «Фейсбуктагы» баракчасына чыкты. Ал «Азаттыктын» орус тилиндеги сайтында текст түрүндөгү 11 макала жана журналист Ыдырыс Исаковдун бир видеорепортажы бар экенин белгилеген.

«12 макаланын 11инде радионун көз карашы жана алардын позициясын колдогон, коргогон тараптардын пикири жазылган», - деп белгиленген Матраимовдун даттануусунда.

Ал окуяны чагылдыруунун сапатына баа берүүнү, Журналисттик этика кодекси бузулуп-бузулбаганын текшерүүнү, жарык көргөн макалаларды талкуулаш үчүн тараптарды чакырууну, журналист Ыдырыс Исаковдун Матраимовдун тарапташы менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүнүн аныктыгын текшерүү боюнча демилге көтөрүүнү суранган.

28-сентябрда Ош шаарында «Азаттыктын» оператору Айбек Кулчуманов телеберүү тартып жүргөн учурунда олбурлуу жигиттер анын артынан келип кол салып, колундагы техникасын, документтерин жана түшүп жүргөн автоунаасынын ачкычын тартып алышкан.

Кулчумановдун арызынын негизинде кылмыш иши козголгон.

Кол салгандар Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун атын аташкан.

Алар да «жеке менчигибизди тасмага тартып, коопсуздугубузга коркунуч жаратты» деген негизде милицияга арызданган.

2-октябрда «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» программасына катышкан депутат Искендер Матраимов «Жеке менчикти тартыш үчүн үйдүн ээсинен уруксат сураш керек» деген пикирин айткан жана ишти териштирип жаткан милицияга кысым жасабаганын билдирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG