Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:02

Пакистандын тышкы иштер министри «Талибандын» өкүлдөрү менен жолукту


«Талибандын» өкүлдөрү, Москва. 30-май, 2019-жыл.
«Талибандын» өкүлдөрү, Москва. 30-май, 2019-жыл.

Пакистандын тышкы иштер министри Шах Махмуд Куреши 3-октябрда Исламабадда «Талибан» кыймылынын жогорку даражалуу өкүлдөрү менен жолукту. Анын чоо-жайы тууралуу азырынча маалымдала элек.

Буга чейин «Талибан» лидерлеринин бири Абдул Гани Барадар молдо жетектеген, 11 адамдан турган топ жолугушууда Ооганстандагы согушту токтотуу максатындагы тынчтык сүйлөшүүлөрүн кайра жандантууну, сүйлөшүүлөрдү үзгүлтүккө учураткан жагдайларды талкуулашары маалымдалган.

Ушул тушта Исламабадда АКШнын Ооганстан боюнча атайын чабарманы Залмай Халилзад да жүрөт. Ал талибдер менен жолугар-жолукпасы азырынча белгисиз.

Кеңсеси Катарда жайгашкан «Талибан» кыймылыныны өкүлү Сухаил Шахин Халилзаддын да Исламабадагы жүргөнүн «жөн гана кокустук» деп атады, бирок аны менен жолугушуу мүмкүнчүлүгүн четке каккан жок:

«Эмнеге жолукканга болбосун? Бул америкалыктардын өзүнөн көз каранды», деди Сухаил Шахин.

Мунун алдында Пакистандын премьер-министри Имран Хан АКШнын президенти Дональд Трамп «Талибан» менен сүйлөшүүлөрдү кайра жандантышы керек экенин айткан жана бул Ооганстанда тынчтык орнотуунун бирден-бир жолу экенин белгилеген. Ал өткөн айда БУУнун Башкы Ассамблеясынын жыйынында сөз сүйлөгөн жана АКШнын президенти Дональд Трамп менен жолуккан.

Ооган президентинин басма сөз катчысы Седик Седики 2-октябрда «Твиттердеги» баракчасына «ооган бийлигинин өкүлдөрү тынчтык сүйлөшүүлөргө катышуусу керек, болбосо эч кандай жылыш болбойт» деп жазды.

Пакистан 1990-жылдардын башында, Ооганстандагы жарандык согушта «Талибан» кыймылын колдоп турганы белгилүү.

Өткөн айдын башында Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп талибдер менен бир канча айдан берки сүйлөшүүлөрдү токтотуп койгон. Буга америкалык жоокердин өлүмү менен аяктаган талибдердин чабуулу себеп болгон.

Тынчтык сүйлөшүүлөрү токтогондон бери «Талибан» Ооганстандын ар кайсы аймактарында чабуулдарын күчөттү.

XS
SM
MD
LG