Көкүрөктүн залалдуу шишигинин алдын алууга, калкка маалымат жеткирүүгө багытталган «Кызгылтым Октябрь» аттуу бир айлыктын алкагында Ош, Баткен облустарындагы аялдар акысыз текшерүүдөн өтөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. 4-5-октябрь күндөрү Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда ачык эшик күнү өтөт. Ош шаардык онкология борборунун тийиштүү адистери кыз-келиндерди текшерип, ультраүндүк кароодон өткөрүп, дарыгерлер аялдарга кеңеш берет.
Кыргызстанда көкүрөк безинин өсмө дартына чалдыккан аялдардын 39 пайызы оорусу өтүшүп кеткенде адиске кайрылууда. Жылына 600дөн ашуун аял ушул ооруга кабылып жатат. (КЕ)