Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:57

Журналисттик этика комиссиясы Абдыкеримовдун арызы боюнча чечим чыгарды


Шаршенбек Абдыкеримов.
Шаршенбек Абдыкеримов.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын үстүнөн түшкөн арыздарды караган комиссия «АЮ холдинг» компаниясынын ээси Шаршенбек Абдыкеримовдун арызы боюнча чечим чыгарды. Бул тууралуу маалымат аталган комиссиянын «Фейсбуктагы» баракчасына чыкты.

Ага ылайык, «Жаңы Ордо» гезитинин 2019-жылдын 6-сентябрында «Шакинин канаты жакынкы күндөрү кайрылабы?» деген автору жазылбаган чакан макалада Журналисттин этикалык кодексинин үч беренеси бузулган.

8-беренеде «журналист кандай гана жагдайда болбосун, билип туруп жалган маалымат жарыялабашы керек. Эгер таратылган маалымат чындыкка коошпой турганы билинсе, журналист бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу менен оңдоого милдеттүү» деп айтылат.

10-беренеге ылайык «фактылар, божомолдор жана пикирлер бири-биринен даана ажыратылышы зарыл».

17-берене боюнча «каршылаш тараптардын, анын ичинде журналисттин сынына кабылган адамдардын пикирлери тең салмакта берилүүгө тийиш».

Комиссиянын бүтүмүнө ылайык, буга байланыштуу «Жаңы Ордо» гезити аталган макаланы төгүнгө чыгарып, арыздануучунун пикирин камтып, кайрадан жарыялашы керек.

«Жаңы Ордо» гезитинин башкы редактору Наралы Асанбаев Абдыкеримовдун арызы боюнча комиссиянын жыйынына бир жолу катышканын, гезит арыздануучу тараптын жүйөлөрүн да басып чыгарууга даяр экенин айтты. Ошол эле кезде макала даярдалып жатканда Абдыкеримовдун өзү жана жакындары менен байланышууга аракет болгонун кошумчалап, комиссиянын чечими макаланы төгүндөөгө милдеттендирбей турганын билдирди.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шаршенбек Абдыкеримов жалпыга маалымдоо каражаттарына каршы арыздарды караган комиссияга 16-сентябрда кайрылып, «Жаңы Ордо» гезитиндеги макалага баа берүүнү өтүнгөн. (BTo)

XS
SM
MD
LG