Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:04

Баткендеги Көк-Таш айылына ИИМдин ички аскеринин ротасы жайгаштырылды


ИИМдин ички аскеринин ротасы.
ИИМдин ички аскеринин ротасы.

Коомдук коопсуздукту камсыздап, чек арадагы чыр-чатактын алдын алыш үчүн Ички иштер министрлигинин (ИИМ) ички аскеринин ротасы Баткендин чек арага жакын аймагына тартылды.

ИИМдин ички аскеринин тараткан маалыматы боюнча рота Баткен районунун Көк-Таш айылындагы Ганы атындагы орто мектептин имаратына жайгаштырылды.

Бул маселе президенттин аппаратынын жетекчисинин орун басары Алмамбет Салиевдин Баткенге болгон иш сапары учурунда талкууланган. Учурда аскер кызматкерлери жашай турган мектептин имараты оңдолуп жатат.

16-сентябрда кечке маал Баткен облусундагы Лейлек районуна караштуу Максат айылына жакын жерде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда атышуу болгон.

Анын кесепетинен кыргызстандык чек арачы Равшан Муминов курман болуп, 13 адам жаракат алган. Ал эми Тажикстан кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан үч чек арачысы каза болгонун кабарлаган. (BTo)

XS
SM
MD
LG