Кызуу талаш-тартыштардан кийин 3-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары «Кесиптик кошуундар жөнүндө» мыйзамдын долбоорун экинчи окууда жактырышты. Документке 84 депутат «макул», 23 эл өкүлү «каршы» добуш беришти.
Депутаттар тобу иштеп чыккан мыйзам долбоору кесиптик кошуундардын өкүлдөрү менен депутаттардын ортосунда карама-каршы пикирлерди жаратты.
Буга байланыштуу 1-октябрда Кесиптик кошуундар үйүнүн алдында нааразылык акциясы өткөн. Анда Жогорку Кеңеште иштелип чыккан мыйзам долбооруна каршылык айтылган. Кесиптик кошуундардын өкүлдөрү депутаттар алардын пикирин эске албай жатышканын, эгер мыйзам долбоору кабыл алынса эмгекчилердин кошуундарга биригүү укугу чектелип, мүчөлүк төлөмдөрдү аныктоо укугу өкмөткө өтөрүн айтып жатышат.
Мыйзам долбоорунун авторлору болсо 1998-жылы кабыл алынган мыйзам моралдык жактан эскирип бүткөнүн жүйө кылышууда.
СССР кыйрагандан кийин Кыргызстандагы кесиптик кошуундарга абдан көп мүлк мураска калган. Алардын катарында «Көгүлтүр Ысык-Көл», «Кыргызстан» санаторийлери, «Ала-Тоо» эс алуу үйү, Жыргалаң, Жети-Өгүз, Ысык-Ата, Жалал-Абад, Арсланбаб курорттору, «Байсоорун», «Улан» пансионаттары, «Достук» мейманканасы, Бишкектеги жана Оштогу турбазалар бар.
«Спартак» стадионунун кичи аренасы, Ала-Арча, Ала-Тоо альплагерлери, «Сары-Челек» турбазасы, Ысык-Көлдөгү «Кырчын» лагери, Өзгөн районундагы «Салам-Алик» эс алуу жайы сыяктуу кирешелүү жайлар кесиптик кошуундардын колунан чыгып кеткен. (BTo)