Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:55

Башкы прокуратура: Шадиевди экстрадициялоо маселеси көтөрүлгөн эмес


Аскарбек Шадиев.
Аскарбек Шадиев.

Башкы прокуратурада Жогорку Кеңештин экс-депутаты, мурдагы вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин жүргөн жери тууралуу так, документтер менен тастыкталган маалымат жок. Бирок Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) маалыматына караганда, ал Америка Кошмо Шттарында жашырынып жүрөт.

Башкы көзөмөл органы «Азаттыктын» суроосуна расмий түрдө ушундай жооп берди. Андан алынган маалыматка караганда, кылмышкерди эстрадициялоо боюнча АКШ менен Кыргызстандын ортосунда укуктук-келишимдик база жок болгондуктан Шадиевди кайтарып келүү маселеси көтөрүлгөн эмес.

Буга чейин УКМК Аскарбек Шадиевди издөөнү улантылып жатканын билдирген. Атайын кызматтын маалыматына караганда, Шадиевге эл аралык издөө жарыяланган жана кылмыш ишинин алкагында иштер жүрүп жатат.

Шадиевге Башкы прокуратура алгач «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Буга КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына 2017-жылы Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллардын уурдалганы себеп болгон. Андан соң Шадиев качып кеткени, АКШда жүргөнү кабарланып, мурдагы Кылмыш-жаза кодексинин «Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү» беренесинде каралган белгилер боюнча иш козголгон. Бир канча мүлкү камакка алынган. Бул кылмыш иши боюнча Бишкектин Биринчи май райондук соту саясатчыны сыртынан 10 жылга эркинен ажыраткан.

Мындан тышкары, ага «Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу же адалдоо» беренеси боюнча да айып коюлган.

Жакында Аскарбек Шадиевдин кызы «Карвэн Четыре Сезона» эс алуу жайындагы өзүнө таандык үлүштү камактан чыгаруу боюнча сотко арызданганы белгилүү болду. Бирок Бишкек шаардык соту аны четке каккан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG