Ошто шаар күнүнө арналган салтанатка быйыл жергиликтүү артисттерден тышкары коңшу Өзбекстандан жана түрк тилдүү башка мамлекеттерден өнөр адамдары келишет.
Ош шаарынын күнү 2000-жылдан бери 5-октябрда майрамдалат. Болжол менен 30 кылым мурун түптөлгөн калаага 1876-жылы шаар деген расмий макам берилген.
Быйыл бул датага байланыштуу «Ак ниет» сейил багы ачылат, Гүлдөр фестивалы, Боорсок фестивалы өтөт. «Күз берекеси» деп аталган айыл чарба жармаңкеси жана башка маданий, спорттук иш-чаралар уюштурулат.
Майрамга шаардык бюджеттен мурда салтанаттар үчүн ажыратылган каражат сарпталат, бирок мэриянын басма сөз кызматы анын эсеби жөнүндө так маалымат жок экенин билдирди. (SE)