Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:07

Муфтият умра сапарын уюштурууну көзөмөлгө алышы мүмкүн


Мекке шаары.
Мекке шаары.

Умра сапарын уюштурууну Мусулмандар дин башкармалыгы көзөмөлүнө алууну көздөп жатат. Быйыл ушундай жобо иштелип чыгышы мүмкүн экенин муфтияттын ажылык-умра бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек Абдылдаев «Азаттыкка» билдирди.

Мусулмандар умрага туристтик фирмалар аркылуу барышат. Абдылдаев турфирмалардын уюштуруу иштерине канааттанбагандар да экенин айтты.

Умра сапарын мусулмандар кичи ажылык деп атап, каалаган учурда Сауд Арабиясынын Мекке жана Медина шаарларына барып, зыярат жасап келишет. Бир гана ажылык амалдары аткарылып жаткан күндөрү баруу мүмкүн эмес.

Каалоочуларды негизинен туристтик фирмалар саякат иретинде алып барышат. (SE)

XS
SM
MD
LG