Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:37

Орусияда өзбек мигранттарын кордогон полиция кызматкерлери иштен алынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Москванын четиндеги Балашиха шаарында өзбекстандык эки кишинин терезеден секиришине себепкер болгон полиция кызматкерлери жумуштан алынды. Расмий маалыматка караганда, ал окуя боюнча ички иликтөө жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында эки ыкчам кызматкер иштен алынып, алардын жоопкерчилиги мыйзамдын алкагында каралмай болду. Ошондой эле 10 киши түрдүү тартип жоопкерчилигине тартылды.

20-сентябрда өзбекстандык Дилшод Темиров менен Илхом Халматов оор жаракаттар менен Балашиханын ооруканасына жеткирилген. Алар полиция кызматкерлери батирге кирип келип, акча доолап 2 саат сабашкандан кийин 2-кабаттан секиришкенин айтып беришкен.

Өзбекстандыктардын айтымында, аларды Орусияга кесипкөй реставраторлор катары Москвадагы политехникалык музей чакырган.

XS
SM
MD
LG