Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:42

«Аялдар өзгөрүү алып келишет» өнөктүгү башталууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда гендердик теңчиликке жетүү максатында «Аялдар өзгөрүү алып келишет» аттуу өнөктүк башталууда. Аны Улуттук демократиялык институттун колдоосу менен «Демилгелүү ишкер аялдар» (ДИА) коомдук фонду уюштурду. Бишкекте 4-октябрда ушул максатта атайын талкуу болот.

Анын алкагында лидер аялдар тажрыбайсы менен бөлүшүп, саясатка аралашуунун күңгөй-тескейин, маанилүүлүгүн башкаларга түшүндүрүшөт. Өнөктүк 2020-жылкы парламенттик шайлоого чейин уланат.

Буга чейин БУУнун Өнүктүрүү программасы чечим кабыл алуучу органдардагы аялдардын санын жарыялаган. Учурда Кыргызстан боюнча ар бир бешинчи айылдык кеңеште аял депутат жок. Башкача айтканда, аялдар жергиликтүү кеңештердин курамынын 11% гана түзөт. Жогорку Кеңеште болсо депутаттардын 15 пайызы гана аялдар. Өкмөттүн 16 министрлигинде экөөнү гана аял башкарат.

Кыргызстандагы шайлоо жана референдум өткөрүү эрежелерин аныктаган мыйзамдар топтомуна президент 13-августта кол койгон. Ага ылайык, жергиликтүү кеңештерде бир жыныстагы депутаттардын саны 70 пайыздан ашпоого тийиш. (SE)

XS
SM
MD
LG