Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июль, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:33

Парижде полиция кызматкери кесиптештерин бычактады

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Франциянын борбор шаары Парижде полициянын кеңсесинде бир кызматкер чогуу иштеген кесиптештерине бычак менен кол салды. Соңку маалыматтарга ылайык, анда төрт киши өлдү. Бычак көтөргөн адам да атып өлтүрүлдү. Азырынча аны бул кылмышка эмне түрткөнү белгисиз.

Полициянын бул кеңсеси Нотр-Дам чиркөөсүнө жакын жайгашкан. Окуя болгон район курчоого алынды жана андагы метронун станциясы жабылды. Ал жерде ички иштер министри Кристоф Кастанер жүрөт.

XS
SM
MD
LG