Нарын шаарында «Сууканал» ишканасынын 29 жаштагы жумушчусун топурак аралаш таш басып калып көз жумду. Дагы бир жумушчу жабыркап ооруканага түштү.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, окуя 3-октябрда болду. Алар Райымбеков көчөсүндө чуңкурдун ичинде суу түтүктөрүн оңдоп жатканда кырсыкка кабылышты. Чоо-жайы териштирилүүдө. (SE)