Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:31

Кыргыз өкмөтү киберкоопсуздук боюнча стратегия кабыл алды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз өкмөтү киберкоопсуздук боюнча стратегия кабыл алганын билдирди. Ал «Борбор Азиядагы санариптик трансформация» аттуу конференцияда сүйлөп жатып, жогорку технологиялар паркынын базасында инновациялык кластерди түзүү зарыл экенин айтты.

Ал маалыматтарды коргоо маанилүү экенин белгилеп, санарип этикасын сактоонун, киберкоопсуздукту камсыздоо зарылдыгын белгиледи.

Президент ошондой эле эл аралык санариптик багыттагы адистердин катышуусу менен санарип лидерлеринин клубун түзүүнү сунуш кылды. Жээнбеков билим берүү, саламаттык сактоо, энергетика, мамлекеттик мүлктү башкаруу жаатында жаңы технологияларды киргизүү зарыл экенин кошумчалап, бул тармакта ар бир жетекчинин ишине жыл аягында баа берилерин билдирди.

- Мамлекеттик мүлктү натыйжалуу башкарыш үчүн электрондук реестр, электрондук эсеп-кысап каражаттарын бул тармакка киргизүүнү ылдамдатуу зарыл. Энергетика жана тоо-кен секторун реформалоого барабыз. Мамлекеттик каттоо кызматын санариптештирүү жүрүп жатат. Бирок анын ыргагы жетишсиз, - деди Жээнбеков.

Бүгүн, 4-октябрда Бишкекте «Борбор Азиядагы санариптик трансформация» аттуу эл аралык конференция өтүп жатат. Аны кыргыз өкмөтүнө караштуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети, Борбор Азия Университети жана Жаңы технологиялар паркы уюштурган. (BkA)

XS
SM
MD
LG