Мамлекеттик салык кызматы 2018-жыл үчүн бирдиктүү салык декларациясын өз убагында тапшырбаган мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин тизмесин жарыялады.
2019-жылдын 3-октябрына карата 1202 кызматкер декларация тапшырган эмес. Анын миңге жакыны жергиликтүү органдарда иштегендер. Арасында Мамлекеттик каттоо кызматынын 25, Жогорку Кеңештин 22, президенттин, өкмөттүн иш башкармалыгынын 6 кызматкери бар. Андан тышкары, түрдүү министрликтер менен мекемелердин адистери да бул милдетти аткарышкан эмес.
2018-жылга салык декларациясын тапшырууу мөөнөтү 1-апрелде аяктаган.
Декларацияны өз убагында тапшырбагандардын тизмеси www.sti.gov.kg сайтында «Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды декларациялоо» рубрикасында жарыяланды. (SE)