Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:03

«Азаттык» операторуна байланышкан Оштогу окуя боюнча прокуратура менен ИИМге кайрылды


«Азаттык Медиа» мекемеси коопсуздук маселесинен улам «Азаттыктын» оператору Айбек Кулчумановго кол салып, жабдууларын тартып алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин Ош шаарынан Бишкек шаарына которуу тууралуу өтүнүч менен башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго арыз жазды.

Ушундай эле арыз ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге да жөнөтүлдү.

«Азаттыктын» оператору Бишкекке келип, учурда ооруканалардын биринде тийиштүү медициналык жардам алып жатат. Буга чейин социалдык тармактардагы радикалдык маанайдагы чакырыктардан улам «Азаттык» Айбек Кулчуманов менен Оштогу аймактык кабарчысы Ыдырыс Исаковдун коопсуздугуна байланыштуу Ички иштер министрлигине (ИИМ) да кайрылган.

Андан тышкары «Азаттык Медиа» мекемеси Ош шаарындагы укук коргоо органдарына айрым бир кызыкдар тараптардан басым болуп, бул жагдай тергөөнүн жүрүшүнө таасир этүү тобокелчилигин пайда кылышы мүмкүн деп кооптонот.

28-сентябрда Ош шаарында «Азаттыктын» оператору Айбек Кулчуманов телеберүү тартып жүргөн учурунда олбурлуу жигиттер анын артынан келип кол салып, колундагы техникасын, документтерин жана түшүп жүргөн автоунаасынын ачкычын тартып алышкан.

Кулчумановдун арызынын негизинде Ош шаардык ички иштер башкармалыгы Жазык кодексинин 201-беренесинин 4-пунктунун («Топ адам тарабынан уюшкан каракчылык») негизинде кылмыш ишин козгогон.

Кол салгандар Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун атын аташкан.

Алар да «жеке менчигибизди тасмага тартып, коопсуздугубузга коркунуч жаратты» деген негизде милицияга арызданган.

2-октябрда «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» программасында Райымбек Матраимовдун бир тууганы Искендер Матраимов ал милицияга эч кандай басым жасаган жок деп айткан.

XS
SM
MD
LG