Линктер

жума, 18-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 05:44

Журналисттик этика комиссиясы: Матраимовдун арызы калыс каралат


Искендер Матраимов.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын үстүнөн түшкөн арыздарды териштирүү комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимовдун «Азаттык» боюнча арызы калыс караларын билдирди.

Аны комиссиянын өкүлү Асел Сооронбаева мындай түшүндүрдү:

- Искендер Матраимовдун «Азаттык» радиосунун үстүнөн жазган арызы келип түшөрү менен комиссиянын курамындагы «Азаттык» радиосунун журналисти Санжар Эралиев дароо өз каалоосу менен жараяндан чыкты. Себеби, ал кызыкчылыктар кагылышы болушун каалаган жок. Ал бул арызды кароодо, чечим кабыл алууда катышпайт. Ошондуктан Матраимовдор менен «Азаттык» радиосунун чырында бейтарап чечим чыгат деп ишендире алам.

Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов «Азаттык» радиосуна байланыштуу Жалпыга маалымдоо каражаттарына каршы арыздар боюнча комиссияга 3-октябрда кайрылган. Саясатчы Ошто кезектеги телеберүү тартып жүргөн журналисттин каракталышы боюнча жазылган макалаларга байланыштуу даттанган.

Комиссия арызды кийинки жумада карайт.

Журналисттерден жана жарандык коом өкүлдөрүнөн куралган, 13 киши кирген комиссия маалымат каражаттарына болгон нааразылыкты сотко жеткирбей жөнгө салууну көздөйт. Жетекчиси - юрист Шамарал Майчиев.

Коомдук башталыштагы бул комиссиянын чечими сунуш катары эсептелет.

Кыргызстандын журналисттеринин этикалык кодекси 23 беренеден турат. Комиссия ошол кодекстин негизинде иштейт.

Пикирлерди көрүңүз (13)

XS
SM
MD
LG