Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:44

«Азаттыктын» оператору боюнча соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыкты


Айбек Кулчуманов.
Айбек Кулчуманов.

«Азаттыктын» оператору Айбек Кулчуманов жана Руслан Матраимовдун бакча кызматкери Ооматбек Абдыкадыр уулуна жасалган соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди:

- Ош шаардык соттук-медициналык экспертизанын кароосунун корутундусу. Жабырлануучу Ооматбек Абдыкадыр уулу мээсинин жабык түрүндөгү жаракат алып, мээси чайкалган, төбөсүнүн оң тарабындагы терисинин алдына кан уюган жана сыйрылган. Ушул жаракаттар катуу, жумуру нерселердин таасиринен пайда болушу мүмкүн. Мээсинин жабык түрүндөгү жаракаты, мээси чайкалышы ден соолукка кыска мөөнөттүү зыян алып келген жеңил дене жаракатынын катарына кирет. Экинчи, Айбек Кулчумановго карата Ош шаардык соттук-медициналык экспертизанын корутундусу. Кулчумановдун денесинде эч кандай жаракат жана анын издери байкалбайт. Мээсинин жабык түрүндөгү жаракаты, мээсинин чайкалышы, бети, башына сокку да болгон эмес. Ошондуктан соттук-медициналык экспертизалык баа берүүгө жатпайт.​

Сыдыков «Азаттыктын» оператору Айбек Кулчуманов арызында «мээм чайкалган болушу мүмкүн» деп көрсөткөнүн, бирок ал дарыгерлер тарабынан аныкталбаганын айтты. Денесинен жаракат алганы да байкалбаганын кошумчалады.

28-сентябрда Ош шаарында Кулчуманов дрон аркылуу тасмага тартып жүргөн учурунда олбурлуу жигиттер анын артынан келип уруп, колундагы техникасын, документтерин жана түшүп жүргөн автоунаасынын ачкычын тартып алышкан.

Ал Бишкекке келип, учурда ооруканалардын биринде тийиштүү медициналык жардам алып жатат. Кулчумановдун расмий өкүлү Анара Мамиева буга чейин Кулчуманов дарыланууга муктаж экенин айткан.

Кулчумановдун арызынын негизинде Ош шаардык ички иштер башкармалыгы Жазык кодексинин 201-беренесинин 4-пунктунун («Топ адам тарабынан уюшкан каракчылык») негизинде кылмыш ишин козгоду.

Кол салгандар Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун атын аташкан. Алар да «жеке менчигибизди тасмага тартып, коопсуздугубузга коркунуч жаратты» деген негизде милицияга арызданган. (BTo)

XS
SM
MD
LG