Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:38

Кыргызстанда 1235 киши өнөкөт бөйрөк оорусу менен жабыркайт


Кыргызстандын Балыкчы шаарындагы гемодиализ борбору.
Кыргызстандын Балыкчы шаарындагы гемодиализ борбору.

Кыргызстанда 1235 киши өнөкөт бөйрөк оорусу менен жабыркайт. Бул тууралуу 4-октябрда саламаттык сактоо министринин орун басары Эркин Чечейбаев «Ата Мекен» фракциясынын жыйынында айтты.

- Аларга 2018-жылга чейин тендердик негизде бир эле компания гемодиализ кызматын көрсөтүп келген. Бирок бейтаптар акыркы жылдары көбөйгөнүнө байланыштуу башка жеке менчик клиникалардын кызматтарын төлөө менен жеңилдетилген дарылоо системасын киргизүү зарылчылыгы келип чыкты, – деди Чечейбаев.

Жыйынга тиешелүү өкмөт өкүлдөрү, тармактык мекемелер жана өнөкөт бөйрөк оорусу менен жабыркаган адамдар катышты.

Өкмөттүн жаңы токтомуна ылайык, оорулуу адамга бир айда 12 гана жолу гемодиализден өтүү мүмкүнчүлүгү каралган. Калган дарылоону өз чөнтөгүнөн төлөшү керек. Ал эми көпчүлүк учурда бейтаптар бир айда 13-14 жолу гемодиализге муктаж болот.

Депутаттар ушундан улам ал чектөөнү алып салуу зарыл экенин айтышты. (BTo)

XS
SM
MD
LG