Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:17

Журналисттик этика комиссиясы Жээнбековдун арызы боюнча чечим чыгарды


Равшан Жээнбеков.
Равшан Жээнбеков.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) үстүнөн түшкөн арыздар боюнча комиссия саясатчы Равшан Жээнбековдун арызын карап, чечим чыгарды.

Комиссия 4-октябрда маалымдагандай, «Stanradar», «Белый Парус», «Дело №», «Вечерний Бишкек» басылмаларында чыккан окшош макалалардын баарында кыргызстандык журналисттердин Этикалык кодексинин №8, 9, 10, 17, 19-беренелери бузулган.

«Stanradar», «Белый Парус», «Дело №», «Вечерний Бишкек» басылмаларына бул боюнча эскертүү берилди.

«Вечерний Бишкек» гезити Равшан Жээнбековдун комментарийи камтылган макала чыгарууга макул болду.

«Дело №» гезити кесиптик этика нормаларын такай бузуп келгени белгиленип, басылмага атайын кайрылуу жасалды.

Равшан Жээнбековдун айтымында, август айында аталган басылмалар биринин артынан бири «Равшан Жээнбеков АКШнын атайын кызматына иштейт», «Мамлекеттик төңкөрүш жасаганга аракет кылып жатат» деген өңүттөгү бир тараптуу макалаларды чыгарган.

Жээнбеков «Русская весна» басылмасына да каршы даттанган. Бирок Орусияга таандык бул медиага комиссия кайрылган жок.

Журналисттерден жана жарандык коом өкүлдөрүнөн куралган, 13 кишиден турган комиссия маалымат каражаттарына болгон нааразылыкты сотко жеткирбей жөнгө салууну көздөйт. Жетекчиси - юрист Шамарал Майчиев.

Коомдук башталыштагы бул комиссиянын чечими сунуш болуп эсептелет.

Кыргызстандын журналисттеринин тикалык кодекси 23 беренеден турат. Комиссия ошол кодекстин негизинде иштейт. (SE)

XS
SM
MD
LG