Индиянын эгемендигин көздөгөн кыймылдын лидери Махатма Гандинин сөөгүнүн күлү өлкөнүн борбордук штатындагы мемориалдан уурдалды.
Вандалдар саясатчынын сүрөтүнө «саткын» деп жазып кетишкен. Полиция аларды издеп жатат.
«The Wire» басылмасы кабарлагандай, окуя 2-сентябрда, анын 150 жылдык мааракесинде болгон.
Ганди 1948-жылы январь айында киши колдуу болгон, сөөгү өрттөлүп, күлүнүн бир бөлүгү Мадхья-Прадеш штатындагы мемориалда сакталып турган.
Ганди британ баскынчылыгына тынч жол менен каршы чыгып, бүткүл дүйнөгө өрнөк болгон. Көптөгөн индиялыктар аны улут атасы деп эсептешет. Гандинин тушунда өлкө 1947-жылы эгемендик алган.
Ошол эле маалда Гандини радикал индустар кескин сындап келишет. Алар саясатчыны өлкөнү Индия менен Пакистанга бөлгөн деп айыпташат.