Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:57

Жапаровдун тарапташтары аны бошотууну талап кылып кол топтошууда


Садыр Жапаров соттук жараянда. Архивдик сүрөт.
Садыр Жапаров соттук жараянда. Архивдик сүрөт.

Камакта отурган саясатчы Садыр Жапаровдун тарапташтары аны актап, түрмөдөн бошотууну талап кылып кол чогултуп жатышат. Саясатчынын жактоочусу Шарабидин Токтосуновдун айтымында, учурда Кыргызстандын ичинде жана чет өлкөдөгү кыргызстандыктардан баш-аягы 10 миңге жакын кол топтолду.

- Республиканын бардык аймактарынан карапайым адамдар телефон чалып «Садыр Жапаров эмне үчүн эркиндикке чыгарылбай жатат?» деп тынчсызданышууда. Алар «митингге чыгабыз» дегенинен аны токтотуп койсок кол чогулта башташты, - деди Токтосунов. Ал мындан тышкары жер-жерлерде Жапаровду колдоп, штабдар түзүлүп жатканын кошумчалады.

Кумтөр маселесине байланыштуу өкмөткө каршы чакырыктары менен белгилүү болгон Садыр Жапаров «2013-жылы Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде, 2017-жылдын мартында камакка алынган. 2018-жылы июнь айында 11 жыл, алты айга кесилген. (BTo)

XS
SM
MD
LG