Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:44

Ош шаарынын күнүн белгилөө башталды


Ош шаарынын күнүнө карата уюштурулган Гүлдөр фестивалынан бир көрүнүш.
Ош шаарынын күнүнө карата уюштурулган Гүлдөр фестивалынан бир көрүнүш.

Бүгүн 5-октябрь – Ош шаарынын күнүн майрамдоонун алгачкы иш-чаралары башталды. Калаанын эс алуу жайларында ар кандай багыттагы көргөзмөлөр коюлуп, Гүлдөр фестивалы, Боорсок фестивалы башталды. Мекемелерде майрамдык салтанаттар уюштурулууда.

Бул күнү «Күз берекеси» деп аталган айыл чарба жармаңкеси жана башка маданий, спорттук иш-чаралар өтөт. Бир катар социалдык объектилердин ачылышы болот.

Негизги иш-чара экинчи борбор калаанын борбордук стадионунда кечинде өтөт. Бул күнкү салтанаттарга быйыл жергиликтүү артисттерден тышкары коңшу Өзбекстандан жана түрк тилдүү башка мамлекеттерден өнөр адамдары келишери кабарланган.

Иш-чарага өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев да катышары айтылды.

Ош шаарынын күнү 2000-жылдан бери 5-октябрда майрамдалат. Болжол менен 30 кылым мурда түптөлгөн калаага 1876-жылы шаар деген расмий макам берилген.

Майрамга шаардык бюджеттен мурда салтанаттар үчүн бөлүнгөн каражат сарпталат, мэриянын басма сөз кызматы анын эсеби жөнүндө так маалымат жок экенин билдирди. (ErN)

XS
SM
MD
LG