Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:25

Өзбекстан менен Орусия соода жүгүртүүсүн 25 млрд. долларга жеткирүүнү макулдашты


Өзбекстандын президенти Шавхат Мирзиёев менен Орусиянын президенти Владимир Путин. Иллюстрациялык сүрөт.
Өзбекстандын президенти Шавхат Мирзиёев менен Орусиянын президенти Владимир Путин. Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстан менен Орусия 2024-жылга карата өз ара соода жүгүртүүсүн 25 миллиард долларга жеткирүүнү пландашты.

Бул тууралуу Орусия Федерациясынын Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко Ташкентте Өзбекстандын президенти Шавхат Мирзиёев менен жолугушкандан кийин журналисттерге билдирди.

Матвиенконун айтымында, 2018-жылы өзбек-орус соода жүгүртүүсү 4 миллиард 400 миллион долларды түзгөн. Ал белгилегендей, жакынкы жылдары муну 10 миллиард долларга, беш жылдан кийин 25 миллиардга жеткирүү милдети коюлду.

Валентина Матвиенконун Ташкентке сапары 1-октябрда башталды. Өзбекстандагы жолугушууларда ал президент баштаган расмийлер менен жолугушууларды өткөрүп жатат.

Маалым болгондой, Кыргызстан менен Орусиянын соода жүгүртүүсү 2018-жылдын эсеби менен 1,9 миллиард долларды түзгөн. Анын 1,6 миллиарды Орусиянын Кыргызстанга жасаган экспортуна тийиштүү. (ErN)

XS
SM
MD
LG