Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:41

Анкарада Айтматов атындагы сейил бактын курулушу талкууланды


Кубанычбек Өмүралиев жана Мансур Яваш.
Кубанычбек Өмүралиев жана Мансур Яваш.

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев жана Анкара шаарынын мэри Мансур Яваш жаңы курула турган сейил бактын планын талкуулашты. Бул тууралуу Анкара шаарынын мэриясы кабарлады.

Буга чейинки расмий сүйлөшүүлөрдөн кийин Анкаранын борборунда Чыңгыз Айтматов атындагы сейил бактын курулушу башталары маалым болгон. Мурдараак Анкарадагы көчөлөрдүн бирине жазуучунун ысымы ыйгарылган.

ТҮРКСОЙ эл аралык уюму 2018-жылды «Чыңгыз Айтматов жылы» деп жарыялаган. Ушундан улам жыл бою Түркиянын ар тарабында залкар жазуучуга арналган бир канча иш-чаралар өттү. Стамбул шаарында жазуучунун айкели орнотулган.

Мындан тышкары, Түркиянын чоң шаарларында Айтматов атындагы көчөлөр, маданий борборлор жана сейил бактар бар. Измир шаарында Чыңгыз Айтматов атындагы лицей ачылган. (ElB\ErN)

XS
SM
MD
LG