Бүгүн, 5-октябрь - Ош шаарынын күнүнө карата Төрөбай Кулатов кичи районунда жаңы курулган «Ак ниет» сейил багы пайдаланууга берилди.
Сейил бактын расмий ачылышына премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, дипломатиялык корпустардын өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты.
Өкмөт башчы Абылгазиев шаар тургундарын Ош шаарынын күнү жана жаңы сейил бактын ачылышы менен куттуктап, биримдик, ынтымак каалады.
Аземде калаа жетекчиси Таалайбек Сарыбашов кабарлагандай, сейил бактын узундугу 850, туурасы 18-20 метрди түзөт. Курулушка жергиликтүү бюджеттен 28 млн. сом бөлүнгөн.
Курулуш иштери ушул жылдын июнь айында башталган. Сейил бак шаардын Бекмамат Осмонов көчөсүн бойлой түштү. (ErN/MdN)