Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:22

Багдаддагы нааразылыкта өлгөндөрдүн саны көбөйдү


Багдаддагы нааразылык акциялары. 5-октябрь, 2019-жыл.
Багдаддагы нааразылык акциялары. 5-октябрь, 2019-жыл.

Ирактын Багдад шаарында ишембиде уланган кагылышуулардан улам кеминде сегиз демонстрант каза тапты, дагы 17 адам жаракат алды. Күч кызматтары өкмөткө каршы жүрүштүн катышуучуларына ок атуучу жана көздөн жаш агызуучу курал колдонууда.

Кагылышуулар мурдараак киргизилген коменданттык саат кайра алынгандан кийин орун алды. Шаарлардагы миңдеген ирактыктар жумуш берүүнү жана коррупцияны токтотууну талап кылып көчөгө чыгышты.

Беш күндүк толкундоо учурунда каза болгондордун саны кеминде 70тен ашканы кабарланды. Өлкөдөгү Адам укуктары боюнча комиссия курман болгондордун саны 94 кишиге жекткенин билдирүүдө. Ушул эле уюм кабарлагандай, кагылышууда 4 миңден ашык адам жабыркады.

Иракта бийликке каршы демонстрациялар 1-октябрда башталган. Көчөгө чыккандар коррупцияга, жумушсуздукка, электр энергиясы менен суунун улам өчүрүлгөнүнө нааразы болуп жатышат. (ErN)

XS
SM
MD
LG