Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:45

Якутияда мурдагы депутатты аюу өлтүрүп салды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусия Федерациясынын Якутия республикасынын парламентинин мурдагы депутаты Александр Крылов аңчылыкка чыккан учурда аюунун тиш салуусунан улам каза болду. Бул тууралуу “Якутия жаңылыктары” порталы Оймякон башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Игорь Водовозовго таянуу менен жазды.

Басылма кабарлагандай 45 жаштагы Крылов өзү аткан аюуну текшерүү үчүн барган учурда жырткыч ага кол салып, өлтүрүп койгон.

Якутск шаарындагы ири курулуш базарына ээлик кылган Крылов аталган республиканын төртүнчү чакырылышынын депутаты болчу. (ErN)

XS
SM
MD
LG