Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:42

Бишкекте жүрөк кемтигине арналган чуркоо марафону өтүп жатат


«Мол Булак – Күз деми» деп аталган эл аралык марафондун катышуучулары. 6-октябрь, 2019-жыл.
«Мол Булак – Күз деми» деп аталган эл аралык марафондун катышуучулары. 6-октябрь, 2019-жыл.

«Мол Булак – Күз деми» деп аталган эл аралык марафон борбор калаанын «Аска-Таш» мемориалдык комплексинде, "Манас" аба майданына барчу жолдо өтүүдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” иш-чараны уюштуруп жаткан "Тонус" фондунун өкүлү Зина Кабылбек кызы билдирди.

Анын айтымында, жүрөк кемтигине арналган чуркоого 20дай өлкөнүн жарандары катышууда. Катышуучулардын жалпы саны 3 миңден ашат, арасында аялдар, эркектер жана балдар да бар.

Быйыл төртүнчү жолу өтүп жаткан марафонго келгендер 3, 10, 21 жана 42 чакырымда жарышат. “Чуркаган жүрөктөр” деген ураандын астында өтүп жаткан иш-чарадан катышуучулардан алынган 100 сомдук акы жүрөк кемтигинен жабыр тарткан балдарды дарылоо үчүн жумшалат.

Иш-чаранын негизги демөөрчүсү - «Мол Булак» насыя компаниясы. Ошондой эле марафонду өткөрүүгө «Ait Group» курулуш компаниясы, «Papa John’s» пиццериясы, «Bosti KG» медициналык мекемеси жана «Шоро» компаниясы да колдоо көрсөттү. (ErN)

XS
SM
MD
LG