Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:29

Абылгазиев Ош архитектурасынын «Бирдиктүү терезе» тутумун текшерди


Мухаммедкалый Абылгазиев Ош аймактык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын «Бирдиктүү терезе» бөлүмүнүн иши менен таанышып жатат.
Мухаммедкалый Абылгазиев Ош аймактык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын «Бирдиктүү терезе» бөлүмүнүн иши менен таанышып жатат.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жумуш сапарынын алкагында Ош аймактык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын «Бирдиктүү терезе» бөлүмүнүн иши менен таанышты. Бул тууралуу өкмөт аппаратынан кабарлашты.

Өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев «Бирдиктүү терезе» тутумунун иштөө системасын тааныштырды. Бөлүм жарандардын арыздарын кабыл алат, «Бирдиктүү терезе» тутуму аталган мекеменин борбордоштурулган программасына кошулган.

«Бюрократиялык процедуралар убакыттан уттуруп, жарандардын нааразычылыктарына алып келет. Карапайым жарандар, ишкерлер кандайдыр бир документтерди алууда ыңгайсыздыктарды сезбөөгө тийиш. Буга мамлекеттик кызматтарды санариптештирүүнүн алкагында мамлекеттик органдар тарабынан көп иштер багытталган», - деди премьер-министр.

Өкмөт башчы Ош жана Баткен облусуна жумуш сапары менен 5-октябрда барды. Сапардын биринчи күнү ал бир катар социалдык объектилердин ачылышына катышып, курулушун көрүп, Ош шаарынын күнүн карата салтанаттарда болду. (ErN)

XS
SM
MD
LG