Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:44

Трамп менен Зеленскийдин сүйлөшүүсү боюнча дагы бир адам маалыматка ээ экенин билдирди


АКШ президенти Дональд Трамп менен Украинанын мамлекет башчысы Владимир Зеленский
АКШ президенти Дональд Трамп менен Украинанын мамлекет башчысы Владимир Зеленский

АВС телеканалы информаторду АКШнын чалгын коомчулугунун башкы инспектору Майкл Аткинсон кабыл алып, маалыматын укканын жазды. Адвокат Марк Зайддын сөзүнө караганда, анда Трамп менен Зеленскийдин сүйлөшүүлөрү тууралуу тагыраак маалыматтар бар.

Адвокаттын айтымында, маалыматка ээ адам АКШдагы атайын кызматтардын биринде иштейт. Азырынча ал конгрессмендерге байланыша элек. Марк Зайд - Трамп менен Зеленскийдин Жо Байден тууралуу сүйлөшүүлөрүн ачыкка чыгарган биринчи чалгын кызматкеринин да адвокаты.

Мурдараак Ак үй эки президенттин сүйлөшүүлөрү жазылган стенограмманы жарыялаган. Анда АКШ президенти Дональд Трамп менен Украинанын мамлекет башчысы Владимир Зеленский телефон аркылуу сүйлөшүп жатып, мурунку вице-президент Жо Байден менен анын уулу Хантер тууралуу пикир алмашкан. Зеленский Трамп бул сүйлөшүүдө өзүнө басым-кысым кылбаганын билдирген.

Президенттердин бул сүйлөшүүсү тууралуу маалыматты АКШнын чалгын кызматкери жетекчисине билдирген. Конгресстеги демократтар Трамп президенттик кызматын жеке өзүнүн саясий кызыкчылыгы үчүн пайдаланган деген жыйынтыкка келишкен. Натыйжада Өкүлдөр палатасында Дональд Трампка каршы импичмент жарыялоо демилгеси көтөрүлгөн.

XS
SM
MD
LG