Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:03

Ирак өкмөтү социалдык-экономикалык реформа жүргүзүүгө убада берди


Багдад. 2-октябрь, 2019-жыл.
Багдад. 2-октябрь, 2019-жыл.

Жүздөй кишинин өмүрүн алган нааразычылык акциялары башталгандан бир жумадан кийин гана Ирак өкмөтү социалдык-экономикалык тармактарда реформа жүргүзүүгө убада берди. Анын ичинде жакыр үй-бүлөлөр үчүн жөлөк пулдун көлөмүн көбөйтүү жана жер бөлүштүрүп берүү маселеси бар. Мындан тышкары бийлик жаштар арасындагы жумушсуздукту да азайтмай болду.

Мындай убадаларды берген премьер-министр Адил Абдул-Махди Багдаддын көчөлөрүнө жана башка шаарларга чогулгандарды тарап кетүүгө үндөдү. Ал ошондой эле коопсуздук күчтөрүнөн демонстранттарга каршы ок атпоону талап кылганын айтты.

Ал жекшембиге караган түндө жергиликтүү телеканал аркылуу сүйлөп, "демонстранттар менен кайсы жерде болсо да, куралсыз отуруп сүйлөшүүгө" даяр экенин айтты. Жекшемби күнү Иракта кырдаал бир аз тынчыганы, студенттер окуу жайларга, кызматкерлер иш ордуна кайтышканы кабарланды. Бирок Багдаддагы Тахир аянты сооттолгон унаалар менен тосулуп турганы айтылууда.

Акыркы маалыматтар боюнча, Ирактагы өкмөткө каршы беш күндүк толкундоолор учурунда жүздөй киши набыт болуп, төрт миңден ашууну жаракат алган. Өлгөндөрдүн көпчүлүгү Багдадда катталган.

XS
SM
MD
LG