Ооган президенти Ашраф Гани тышкы иштер министринин басма сөз катчысы Сигбатулло Ахмадини Пакистан бийлиги менен талибдердин сүйлөшүүсү тууралуу журналисттерге "натуура сүйлөп бергени" үчүн кызматтан бошотконун жергиликтүү басылмалар кабарлашты. Ага ылайык, Ахмади жакында эле Исламабадда "Талибан" менен сүйлөшүүлөргө баа бергени үчүн ишинен бошотулган. Ахмади "Кабул Ооганстанда тынчтык орнотууну каалаган бардык өлкөлөрдүн, өзгөчө ооган өкмөтү менен "Талибандын" сүйлөшүүлөрүнө көмөктөшүү аракетин кубаттайт" деп айткан.
Ал эми ооган президентинин басма сөз катчысы Седик Седикки талибдер менен сүйлөшүү жүргүзгөнү үчүн Исламабадды айыптаган. Анын сөзү боюнча, "Пакистан жетекчилиги зулумдукту колдогон топторду өз жергесинде кабыл алганы эки өлкөнүн мамилесине туура келбейт". Седикки Ахмади кызматтан бошой электе эле анын айтканы "жеке ою гана экенин" билдирген.
Басма сөз катчынын милдетин аткаруучу болуп Мирваис Наб дайындалганы, ал эми мурунку катчыга кылмыш иши козголгону кабарланды.
АКШ Ооганстанда тынчтык орнотуу үчүн "Талибандын" өкүлдөрү менен сүйлөшүү жүргүзүүнү былтыр күзүндө баштаган. Ооган бийлиги сүйлөшүүгө катышкан эмес. Тогуз жолу сүйлөшүүлөрдөн кийин быйыл сентябрдын башында тараптар АКШ Ооганстандан 5 миң аскерин алып чыгып кетери каралган макулдашууга жакындап калганы кабарланган. Бирок бир нече күн өтпөй, АКШнын президенти Дональд Трамп Кэмп-Девидде ооган президентинин катышуусунда талибдер менен боло турган сүйлөшүүдөн кескин баш тарткан. Буга Кабулдагы бир нече адамдын өлүмү менен коштолгон жардыруулар себеп болгон. Жардырууну талибдер мойнуна алган.