Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:39

Тажикстан Сириядан 575 эне-баланы алып келүүгө даярдана баштады


Сириянын Эр-Ракка шаарындагы качкындардын убактылуу лагери.
Сириянын Эр-Ракка шаарындагы качкындардын убактылуу лагери.

Тажикстандын бийлиги Сириянын качкындар лагерлеринде жашап жаткан тажик аялдарын балдары менен чогуу мекенине алып келүүгө даярдык көрө баштады.

Расмий бийлик кабарлагандай, бир нече жыл мурун “Ислам мамлекети” террордук тобуна кошулуп кеткен жоочулардын үй-бүлө мүчөлөрү – аялдар жана балдар, кеминде 575 адам ошол жакта калган.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги билдирүү таратып, тажик дипломаттары Сириянын жогорку аткаминерлери менен жолугуп, мекендештеринин тек-жайын аныктап, өлкөгө кайтаруу маселелерин талкуулады. Дипломаттар сириялык лагерлерде жашап жаткан тажикстандыктардын санын да тактап жатышат.

Өлкөнүн тышкы иштер боюнча мекемесине быйыл май айында, БУУнун Сириядагы чатырдан курулган лагерлеринде жашап жаткан 34 аял, мекенине кайтаруу тууралуу өтүнүч менен кайрылган. Алардын ар биринде бирден бешке чейин бала болгон. Тажик бийлигине кайрылууга мүмкүнчүлүк алган аялдар “Ислам мамлекети” террордук тобунун жоочуларынан аймактарды бошотуу учурунда күрттөрдүн кошуунуна туткунга түшүп калышкан. (ErN)

XS
SM
MD
LG