Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы Интернетте тараган видео тууралуу түшүндүрмө берип, анда милиция кызматкерлери адамды курал менен коркуткан деп шек саналган жаранды колго түшүрүү операциясы жүргөнүн билдирди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
Билдирүүдө айтылгандай, 4-октябрда баш калаанын тургуну кавказ улутундагы белгисиз жаран аны эркине каршы батирлердин бирине камап, уруп-сабап, бычак жана ок атуучу курал менен коркутуп, 3 миң доллар акчасын алып кеткени тууралуу даттанган. Факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 202-беренеси («Карактоо») менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө Бишкектин Тоголок Молдо көчөсүндөгү батирлердин биринен шектүү кармалган. Анын үйүн тинтүү учурунда тапанча, бычак, баңгизаттар жана диний китептер алынды. Бул үчүн ага кошумча беренелер менен айып коюлду.
Медициналык, химиялык, диний-лингвистикалык, баллистикалык жана наркологиялык экспертизалар дайындалды. 39 жаштагы жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Мунун алдында Интернет басылмаларда жана социалдык тармактарда Бишкекте милиция кызматкерлери батирлердин биринде жүргүзүп жаткан операциясы тууралуу тасма тараган. Анда үйдүн жашоочулары үйдүн ичинен кыйкырыктар угулуп жатканын, милиция кармалган жаранды сабап жатышы мүмкүн экенин баяндап жатканы көрсөтүлгөн. (ErN)